• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Катар мамлекетинен келген гуманитардык жардам сатылган жок - штаб

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Катар мамлекетинен келген гуманитардык жардам сатылган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин дары-дармектерди сактоо секторунун жетекчиси Өскөн Стамкулов социалдык тармактарда тарап жаткан "Катардан келген гуманитардык жардам сатылып жатат" деген маалыматты төгүндөдү.

"Катар мамлекети берген 420 кычкылтек концентратору Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин кампасында турат. Алар КР Саламаттык сактоо министирлигинин чечими менен гана республикадагы медициналык мекемелерге таратылмакчы", - деди ал.

Белгилей кетсек 3-августта Катар мамлекетинен тарабынан Кыргызстанга жалпы наркы 250 миң доллар болгон 420 кычкылтек концентратору берилген.

Пикир

Оставить комментарий