• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Катар: Кайрымдуулук мекемесинин терроризмге тиешеси жок

Дүйнө 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Катар кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруу мекемеси– Сауд Арабия, Бириккен Арап Эмираттары, Бахрейн жана Египет мамлекеттеринин Катар өлкөсүнө тийиштүү ачык-айкын жана мыйзамдарга ылайык иш алып барган бир нече бей-өкмөт кайрымдуулук уюмдарды «терроризмге» тиешелүү деп күнөөлөгөн чечимин катуу таң калуу жана терең кайгыруу менен кабыл алды. Катардын QNA агенттиги Кайрымдуулук уюмунун билдирүүсүн таратып, анда ачык-айкындыкты жана тактыкты туу туткан мекеме буга байланыштуу ички жана эл аралык деңгээлде өз пикирин билдирмекчи:

  1. Кайрымдуулук иштерди уюштуруу мекемеси түптөлгөн учурунан тартып Катар өлкөсү тарабынан жасалган гуманитардык багыттагы кайрымдуулук иштерди көзөмөлдөп жөнгө салып келет. Аны менен бирге кайрымдуулука бөлүнгөн каражаттарды туура эмес пайдалануудан жана терроризмди каржылоодон коргоп келет. Ошондой эле бул мекеме Катар өлкөсүндө жайгашкан каражаттарды туура пайдалануу жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча түзүлгөн эл аралык коммитеттин (FATF) мүчөсү болуп саналат.
  2. Мекеме өкмөттүк эмес кайрымдуулук уюмдарды эл аралык аудит компаниялардын негизинде короткон каражаттары боюнча отчет берүүнү милдеттендирет жана бул ишти байма-бай ишке ашырып турат.
  3. Жогоруда айтылган чечимде көрсөтүлгөн өкмөттүк эмес кайрымдуулук уюмдар дүйнөнүн 70 ашуун өлкөсүндө жергиликтүү мыйзамдардын негизинде, өкмөттөрдүн жана жергиликтүү элдердин колдоосу менен иш алып барат жана бир да жолу өз ара көйгөйлөр жаралган эмес. Айта кетчү нерсе, чечим Катар өлкөсү менен биргеликте кайрымдуулук багытта кызматташкан өз ара мамилеси бекем, бир тууган кошуна мамлекеттер тарабынан чыгып олтурат.
  4. Жогоруда кара тизмеге кирип калган өкмөттүк эмес кайрымдуулук уюмдар эл аралык уюмдар менен, БУУнун карамагында турган үлкөн уюмдар жана агенттиктер менен тыгыз кызматташат. Керек болсо алар Катардын бул уюмдарынын ишине жогору баа берип дүйнөнүн булуң-бурчтарында орун алып жаткан көйгөйлүү жерлерге жардам колун созууда, көмөк көрсөтүүдө ал уюмдарды шериктештери катары санашат. Бул уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар БУУнун тиешелүү документтеринде тиркелип турат (FTS).
  5. Мекеме чечимде көрсөтүлгөн бей-өкмөт кайрымдуулук уюмдары тарабынан терроризмге тийиштүү бир да маселеге же күмөнгө жолуккан эмес, демек буларды терроризмге шектүү деп чечим чыкканы чоң суроолорду жаратат.
  6. Чечимде көрсөтүлгөн бей-өкмөт кайрымдуулук уюмдары бир нече дүйнөлүк деңгээлдеги сыйлыктарды уткан, анын ичинде ошол эле чечим чыгарган өлкөлөрдүн сыйлыктары да бар.

Мына ушул негиздерге таянып, кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруу мекемеси төмөнкү билдирүүнү бекемдейбиз:

  1. Катардын бей-өкмөт кайрымдуулук уюмдарынын «кара» тизмесинин түзүлүшү – төрт өлкө тарабынан атайын уюштурулуп Катарга бүлүк салган бүгүнкү күндүн эпкини болуп саналат.
  2. Закондуу милдеттеринин негизинде Катар кайрымдуулук иштерин уюштуруу мекемеси гумандуулук иш-чараларды сактап калуу багытында, дүйнө элдерине көмөк көрсөтүү максатында бардык мыйзамдуу кадамдарга бармакчы.
  3. Ачыктык жана тактык принциби менен биз улуттук да, аймактык да, эл аралык да жалпы пикирибизди колдон келишинче жайылтмакчыбыз жана “кара тизмени” четке кагабыз. Ошондой эле Катар мамлекети тарабынан ошол уюмдар аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчундагы муктаж болгондорго көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамды чагылдыра бермекчибиз.
  4. Кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруу мекемеси ушундай кайрымдуулук иштерди кандайдыр бир жеке же саясий кызыкчылыктар менен аралаштырууну четке кагат.

Пикир

Оставить комментарий