• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Катардан белек. Бишкекте кулагы начар уккан балдарга атайын аппараттар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.18./Кабар/. Бишкекте кулагы начар уккан балдарга акысыз атайын аппараттар тапшырылды

Белгилүү болгондой Катардын кайрымдуулук фонду ноябрь айында 50 угуу аппаратын кулагы жакшы укпаган балдарга тапшырган. Атайылашкан мектеп-интернатында өз алдынча мындай аппараттарды алууга каржы жетишпегендигин эске алуу менен дагы кошумча 40 аппарат тапшырылган. Аппараттар берилген тизмеге жараша таратылган.

Тапшыруу аземине Катардын КРдагы элчиси Абдалла Ахмед Ассулайти, “Катар Черити” кайрымдуулук фондунун директору Осама Тураби, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев жана Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын адиси Салтанат Өмүрканова катышкан.

Бүгүнкү күндө аталган мектепте 330 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алат. Жаңы угуу аппараттарынын жардамы менен биринчи жолу угуп баштаган бейтаптар бар.

Пикир

Оставить комментарий