• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Катардын алдыңкы ЖМКлары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга даяр

Коом 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. Катардын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга даяр. Бул тууралуу “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин (КУМА) директору Кубанычбек Таабалдиев жана КРдин Катардагы элчиси Нуран Ниязалиевдин Катардын алдыңкы ЖМКлары менен болгон жолугушууда маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Катардын улуттук QNA маалымат агенттигинин директору Юсуф Ибрагим Аль-Малик алардын чыгармачыл тобу ДКОну чагылдырууга барышы мүмкүн экендигин билдирди.

Андан тышкары кыргыз делегаттардын Катардын медия укуктары боюнча көз карандысыз BeIN телекомпаниясынын директору Абделькадыр Зитуни менен жолугушуунун жүрүшүндө ал оюндар тууралуу сурап, анын компаниясы ДКОну чагылдырууга катыша тургандыгын билдирди.

Ошондой эле Аль-Жазира телекомпаниясы да ДКОго болгон чоң кызыгуусун билдирди. Башкы директордун милдетин аткаруучу Мустафа Суаг билдиргендей, телекомпаниянын бардык тиешелүү кызматтары оюнду чагылдырууга ынтызаар.

“Кабардын” директору жана аны коштоп жүргөн элчи Ниязалиев телекомпаниялардын жетекчилерине Кыргызстан тууралуу 2017-жылы жана оюндар тууралуу 2016-жылы көрсөтүлгөн теле сюжеттерге ыраазычылык билдиришти.

Жолугушууга келгендердин бардыгына ДКО тууралуу буклеттер жана 2018-жылы өтө турган оюндун расмий видео ролиги көрсөтүлдү.

Эске сала кетсек, “Кабар” КУМА директору эл аралык конфессиалдык сүйлөшүү конференциясынын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Дохада жүрөт.

Кыргызстандын атынан конференцияга Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев жана К.Таабалдиев катышты.

Пикир

Оставить комментарий