• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Катардын эмири Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани 6-7-июнь күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт. Маалыматта министрлик мыйзамдуулукту жана тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жаткандыгы айтылат.

Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык, 3 миңге милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Расмий иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздашат

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. ИИМ ушуга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий