• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катардын Кыргызстандагы элчисинин дипломаттык миссиясы аяктады

Саясат 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Катардын Кыргызстандагы Атайын жана толук Ыйгарым укуктуу элчиси М.Аль-Наимди дипломаттык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

КР ТИМнин басма сөз кызматы маалымдашкандай, Абдылдаев элчиге кыргыз-катар алакаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, КР менен Катардын ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына кошкон зор салымы үчүн КР Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.

Элчи өз кезегинде кыргыз тарапка биргелешкен жемиштүү иш үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий