• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Катардын ТИМ башчысы: Катарга каршы кабыл алынган чаралар таң калтырды

Дүйнө 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Катардын тышкы иштер министри шейх Мохамед бин Абдрахман Аль Тани Катар мамлекетине каршы көрүлгөн чаралар таң калтырып жатканын билдирди. Катардын “QNA” маалымат агенттиги билдиргендей министр, “Би-Би-Си” телеканалына берген маегинде эмне себептен аталган өлкөлөр Катарды Ирандын жактоочусу деп болжоп жатканын айтып берди.”Биз баардыгыбыз Иран менен позитивдүү мамиледе болгубуз келет, ошол эле учурда бир дагы башка тараптар менен мамилени ырбатууну каалабайбыз. Бирок биз бардык талаш маселелерди Кызматташтык кеңештин лидерлери бекиткен сүйлөшүү жолу менен чечкибиз келет”,-деди министр.

АКШ президенти Дональд Трамптын Катар менен болгон мамилесин бир катар өлкөлөр үзгөндүгүн өзүнүн “твиттер” социалдык баракчасына жазганы боюнча суроого жооп берип жатып, Катардын тышкы иштер министри: “Президент Трамп катардын Эмири Тамим бен Хамад Аль-Таниге жолугуп, Араб Эмираттарынын ошондой эле, Катардын аймагында терроризимди каржылаган бир канча мамлекеттер тууралуу маселени айтып, аны кайра бир нече ирет кайталаганда, биз ага бул суроо боюнча жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенибизди айтканбыз”,-деди шейх Мохамед бин Абдрахман Аль Тани.

Ал ошондой эле, “Биз президент Трампка мындай бүтүмдөр ЖМКлардын отчетуна негизделгенин, ал эми катар менен АКШнын мамилесин жакшы билген Коопсуздук кызматынын Катар мамлекети экстремизмди колдоору жөнүндө эч кандай далили жок экенин айтканбыз. Ошондой эле, Американын расмий мүчөлөрү Катардын терроризм менен күрөшүүгө кетирген күч-аракеттерин жакшы билишет жана муну колдоого алып, жакшы пикирлерин да калтырып жүрүшөт”,-деп кошумчалады Катардын тышкы иштер министри.

Пикир

Оставить комментарий