• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Каттоо аяктады. Шаардык кеңештерге 11 миң 782 адам талапкерлигин көрсөттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештерге шайлана турган депутаттарды каттоо шайлоого 30 күн калганда жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 28 шаардык кеңешке 796 депутат шайланышы керек.

“Аймактык шайлоо комиссиясы жалпы 56 партияны каттады. Депутат болом деген талапкерлердин саны 11 миң 782ни түздү. Бир депутаттык орунга орточо эсеп менен алганда 14 адам туура келүүдө. Бишкекте эң көп катталды, 25 партия жана бир орунга 40 талапкер, эң аз Көк-Жаңгакта, анда 3 партия жана бир орунга 5 адам туура келет”, - деп айтылат маалыматта.

Үгүт иштери 12-мартта башталган жана 10-апрелде саат 8:00дө аяктайт.

Ал эми Кыргызстандагы 420 айылдык кеңешке жалпы 7 миң 560 мандат берилет. Айылдык кеңешке депутат болууга 19 миң 140 адам өз талапкерлигин көрсөттү.

Белгилей кетсек, айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо 22-мартка чейин уланат. Андан кийин үгүт иштери жүргүзүлөт.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий