• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каттоо кызматы 12 жашка чейинки окуучулар арасында "Согуш жана Жеңиш жөнүндө" сынагын өткөрөт

Жеңишке 75 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата 12 жашка чейинки окуучулар арасында "Согуш жана Жеңиш жөнүндө" аталышындагы окурмандардын жана сүрөттөрдүн видео сынагын өткөрөт.

Сынак катышуу үчүн:

- Сүрөт же видео даярдоо керек;

- Мамлекеттик каттоо кызматынын фейсбук (Государственная регистрационная служба), инстаграм (@grs_kg) жана твиттердеги (@srs_gov) баракчаларына катталуу керек.

- Сүрөт жана видеону социалдык тармактарга жүктөп, катышуучунун аты-жөнүн, жаш курагын жана мектебин жазуу зарыл;

- Мамлекеттик каттоо кызматын белгилеп коюу кажет;

- Көп лайк жыйноо керек;

- #жеңишбалдары хештегин коюу зарыл.

"Сынак 11-майда аяктайт. Добуш берүү 29-апрелде башталып 10-май күнү саат 18:00дө токтотулат. Жакшы окуган жана сүрөттү мыкты тарткан балдарга сыйлыктар бар. Жеңүүчүлөрдүн эмгектери Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий баракчаларында чыгарылат", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Видео жасоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын www.pobeda.srs.kg порталындагы фронттон келген архивдик каттарды колдонууга болот.

"Порталда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына таандык документтердин электрондук архиви бар. Ал жерде архивдик маалымат, китеп, Кыргызстандын коргонуу өнөр жайы, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргызстандыктар тууралуу 140 миңден ашык маалымат чогултулган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий