• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каттоо кызматы: 17-августтан тарта eID-карттардын баасы кымбаттайт

Коом 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. 17-августтан тарта 2017-жылкы үлгүдөгү Кыргызстандын жарандарынын идентификациялык картасынын (eID-карт) баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, ал eID-карттын акысыз бланктарынын түгөнүшү менен байланыштуу болууда.

Каттоо кызматы eID-карттарды 2017-жылдын май айынан тарта бере баштаган. Ал долбоор Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (KOICA) менен бирге ишке ашырылган. Ал агенттик 1,9 млн бланкты грант катары акысыз берген. Кызматташуунун шарты боюнча акысыз берилген бланктар түгөнгөндөн кийин жарандар eID-карт алууда бланк үчүн акча төлөп баштайт.

Эми eID-картты кадимки тартипте алгач ирет алып жаткан жарандар паспорттун бланкы үчүн 206 сом, персонификация үчүн 241 сом, банк кызматына 23 сом, жалпы 470 сом төлөйт. Ал эми eID-картты алгач ирет алып жаткан жарандар аны тез арада алууну кааласа паспорттун бланкы үчүн 206 сом, персонификация үчүн 516 сом, тез арада даярдап берүү үчүн 518 сом, банк кызматына 20 сом, жалпы 1 миң 260 сом төлөшү керек болот. Алар даяр паспортторун 8 жумушчу күндөн кийин ала алышат. Ошондой эле көбүрөөк акча төлөп паспортту 4, 2 күн жана 3 саатта алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий