• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каттоо кызматы 2020-жылы жалпы жарандык паспорт боюнча аткарылган иштер туурасында маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2020-жылы жалпы жарандык биометрикалык паспорт боюнча аткарылган иштер туурасында маалымат берди.

Биометрикалык маалыматтары бар электрондук чиптер 2017-жылы эле ички паспортторго киргизилген, бирок жалпы жарандык паспорттордо (ЖЖП) эми пайда болот. Жаңы биометрикалык паспортторду алгачкы ээлери апрель айында алат деп күтүлүүдө. 2020-жылы эки паспортту тең жаңыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимине жана өкмөттүн токтомуна ылайык, 15-декабрдан тарта eID-паспортунда "улуту" графасын толтуруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ага чейин 2020-жылдын августунан тарта eID-паспортунун баасы 206 сомго көтөрүлдү. Бул грант катары бекер берилген 1,9 миллион eID карталарынын аякташына байланыштуу.

Өткөн жылдын февраль айында биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун бланктарын өндүрүү жана жеткирүү боюнча конкурс жарыяланган. Тендерге катышуу үчүн Казакстан, Франция жана Германиядан үч компания арыз берген. Конкурстук комиссия тендердин жеңүүчүсүн март айында аныктап, 2020-жылы 29-майда каттоо кызматы жана Mühlbauer ID Services ишканасы ортосунда келишимге кол коюу пандемияга байланыштуу онлайн форматта өткөн.

Жыл аягында Каттоо кызматы жаңы электрондук паспорттун адепки нускаларын алып, бланктардын, коопсуздук элементтеринин жана сапатын баалоо жана текшерүү иштери башталды.

Жаңы электрондук паспорттордо 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери камтылган: так эмес белгилери, голограммалар, коргоочу чиптер, колго сезилген жана башка адистештирилген элементтер. Ошондой эле жеке маалыматтарды басып чыгаруу үчүн заманбап материалдар жана лазердик технологиялар колдонулат. Эң башкысы паспорттун мукабасында анын ээси жөнүндө маалымат камтыган электрондук чип орнотулган.

Белгилей кетүүчү жагдай, АКШнын Кыргызстанга визалык чектөөлөрү бир гана биометрикалык паспорттордун жоктугуна байланыштуу эмес, ошондой эле жоголгон жана уурдалган паспорттор боюнча жетишсиз иш алып баргандыгына жана кылмышка шектүү адамдар жөнүндө маалымат бербегендигине байланыштуу киргизилген.

Буга байланыштуу өлкөнүн ИИМ, УКМК, ЭККМК, ЖАМК, МКК ортосунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Уурдалган (жоголгон), жасалма жана мыйзамсыз берилген жарандардын паспорттору жөнүндө маалымат берүү боюнча өз ара аракеттенүү жобосу иштелип чыккан жана бекитилген.

"Биз КР өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле КР өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү өркүндөттү", - деп айтылат АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин билдирүүсүндө.

АКШнын президенти Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду.

Жаңы паспортторду киргизүү 2021-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий