• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каттоо кызматы: Айдоочулук күбөлүктүн баасы арзандады

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. 1-марттан тарта Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алуу жана унааны башка аймактан каттоодон чыгарууда кайра каттатууда баалар арзандатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"Акы алынуучу кызматтардын арасынан "байланыш кызматын колдонуу менен автомотоунаа каражаттарын каттоо жери боюнча башка аймакка барбастан каттоодон чыгаруу" жана "айдоочулук курам боюнча маалыматтар базасын түзүү" кызматтарынын чыгарылышына байланыштуу тарифтерди арзандатууга мүмкүн болду", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, ошентип, айдоочулук күбөлүктүн баасы 184 сомго арзандаган. Эми айдоочулук күбөлүк алууну же алмаштырууну каалаган жарандар мурдагы 724 сомдун ордуна 540 сом төлөшөт (банк комиссиясы эсептегенде). Ошондой эле "байланыш кызматын колдонуу менен автомотоунаа каражаттарын каттоо жери боюнча башка аймакка барбастан каттоодон чыгаруу" кызматы акысыз жүргүзүлөт. Муну менен анын баасы 184 сомго арзандады. Эми автомотоунаа каражаттарын кайра каттатуу 1 миң 716 сомду түзөт – мурда 1 миң 900 сомду түзүп келген.

"Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн эсептер салык мыйзамдарында каралган салык жыйымдары жана салык төлөмдөрү эсептелбей көрсөтүлдү. Ал төлөмдөрдүн өлчөмү автомотоунаа каражатынын чыгарылган жылына жана кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша болот", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий