• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун бланктарын алуу жана даярдоо боюнча сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. 26-февраль күнү мамлекеттик сатып алуулар порталында КР жарандарынын электрондук (биометрикалык) паспортторунун (жалпы, дипломатиялык жана кызматтык паспорттор) бланктарын алуу жана даярдоо боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекетти каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, сатып алуунун процедурасы жаан конкурстук документтер мекемелер аралык комиссия тарабынан жактырылган.

"Биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен жаңы муундагы улуттук паспортторду киргизүү иштери 2017-жылы башталганын жана биринчи баскыч катары 2017-жылдын 1-майынан тарта эл аралык стандарттагы eID-карталары (чип орнотулган ички ID-паспорт) киргизилгенин белгилеп коюу керек. Экинчи баскыч катары Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына туура келген КР чет элдик электрондук паспортторун (ePassport) киргизүү каралууда", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, чет жерге иш менен жана эс алууга көп чыккан жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн паспорттун виза беттери 50гө чейин көбөйтүлгөн. Калгандарына мурункудай 34 бет боюнча калат.

Пикир

Оставить комментарий