• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Каттоо кызматы электрондук айдоочулук күбөлүктү киргизүү боюнча долбоор иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында Бишкек шаарында электрондук айдоочулук күбөлүктү жана унаа каражатын каттоо тууралуу күбөлүктү киргизүүну пландап жатат.

Бул долбоорду ишке арышууда Каттоо кызматына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өнөктөш болууда.

“Бул долбоор Бишкек шаарында сыналып көрөт, ал бир жылга эсептелген”, - деп айтылат маалыматта.

“Бул долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери өз ишинде мурда сатып алынган планшеттерди колдонушат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий