• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каттоо кызматы “Паспорт” системасы түшкө чейин иштебей турганын маалымдады

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы “Паспорт” системасын кайра калыбына келтирүү иштерин аткарып жаткандыгына байланыштуу бүгүн, 26-майда саат 13:00гө чейин аталган тутум иштебейт.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, кимде-ким документин бүгүн тапшыра турган болсо, анда Бишкектин Жибек-Жолу проспектиси, 381 дарегиндеги №4 калкты тейлөө борборуна жана Ош шаарынын Ленин көчөсү, 318 дарегиндеги №1 калкты тейлөө борборуна кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий