• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каттоо кызматы жалпы жарандык паспортторду берүү убактысын кыскартты

Коом 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспортторду даярдоо жана берүү убактысын азайтат.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, коронавируска байланыштуу 2020-жылдын 1-мартынан тарта мамлекеттик чек арадан ID-карт менен өтүүгө убактылуу чектөө киргизилгендиктен, алар жалпы жарандык паспортторду даярдоо жана берүү мөөнөтүн убактылуу түрдө 18 жумушчу күндөн 12 күнгө чейин кыскартууда.

"Мурда жарандар жалпы тартип боюнча паспортторду 18 жумушчу күндө алса, эми 6 күнгө эрте ала алышат", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Ошол эле учурда жалпы жарандык паспортту берүү мөөнөтү кыскаргандыктан жана көп арыздар келип түшкөндүктөн Мамлекеттик персонификация борбору эки нөөмөттө – күндүзү жана түнкүсүн иштейт.

"Эскерте кетсек жалпы жарандык паспортторду даярдоого документтер Каттоо кызматынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө жана (же) Калкты тейлөө борборлорунда жарандын жашаган же турган жерине карабай кабыл алынат (паспорт алуучу жаран өзү келиши керек). Чет жерде жүргөн жарандар өлкөгө келбестен, Кыргызстандын чет жердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрыла алышат", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Кызыктырган суроолор боюнча Каттоо кызматынын колл-борборуна "119" номери боюнча кайрылууга болот.

Белгилей кетсек, Бишкекте дем алыш күндөрү иштеген үч чакан Калкты тейлөө борбору бар.

Пикир

Оставить комментарий