• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Каттоо кызматынын жана "Инфоком" ишканасынын жетекчилиги кармалды – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги Е-паспорттору үчүн бланктарды сатып алуу тендери боюнча чырга байланыштуу кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы көзөмөл органы кармалгандардын аты менен кызматтарын атаган жок.

Эскерте кетсек, буга чейин Каттоо кызматы жаңы биометрикалык чет элдик паспортторду даярдоо үчүн бланктарды алуу боюнча тендер жарыялаган. Каттоо кызматынын эсеби боюнча, жаңы бланктарга 1 млрд. 263 млн. сом керектелмек.

Тендерге 5 компания катышкан: Muhlbauer ID Services, Veridos, "Гарсу Пасаулис", IDEMIA France жана Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасы. Биринчи февралда сынактык комиссия жыйынтыкты жарыялап, 940 млн. 150 миң сом сунуштаган литвалык "Гарсу Пасаулис" компаниясы жеңүүчү табылган.

Сынактан кийин эки компания – Muhlbauer ID Services немис компаниясы менен IDEMIA France франциялык компания тендердин эрежелери бузулганын айтып чыккан. Компаниялар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аркылуу тендерге юридикалык баа берилиши боюнча арыздарды караган мекемелер аралык комиссияга кайрылган. Ошондой эле, компаниялар Мамлекеттик финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына кайрылышкан.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы биометрикалык паспорттордун бланктарын алуу тендеринин шарттарынын бузулушу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында иликтөө иштерин жүргүзө баштаган.

Пикир

Оставить комментарий