• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Катуу чаралар кабыл алынышы мүмкүн. Мэр Сарыбашов шаар тургундарына кайрылды. Видео

Аймак 0


Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов азыркы абалга байланыштуу шаар тургундарына кайрылуу жасады.

Калаа башчысы өз сөзүндө коронавирус илдетин жайылтпоо үчүн мындан да катуу чаралар кабыл алынышы мүмкүн экендигин айтып, дарыгерлер койгон талаптардын баарын так аткарууга чакырды.

"Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы тарай баштаганда эле шаарда чектөөлөр киргизилген болчу. Өзгөчө абал алынгандан кийин көпчүлүгүбүз кырдаалга кайгыдер карап, санитардык талаптарды аткарбай калдык. Ош шаарында 29-июнга карата коронавируска кабылгандардын саны 650 адамга жетти, тилекке каршы, сегиз адам каза болду", - дейт мэр өз кайрылуусунда.

Калаа башчысы өз сөзүндө шаарда санитардык талаптарды сактабаган фактылар дагы катталып жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус жуктурган 269 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5017ни түзөт. Алардын ичинен 2294 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 50 адам (+3 жаңы учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий