• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Катуу шамал бир катар жаңы конуштардын жарыгын өчүрдү

Коом 0

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. Катуу шамал Бишкек шаарындагы бир катар жаңы конуштардын электр энергиясын үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 10:00го ылдамдыгы 20м/сек. жеткен катуу шамалдын кесепетинен Бишкек шаарындагы Тынчтык конушунда, Арча-Бешик конушунун түштүк-батыш тарабында электр энергия үзгүлтүккө учурады. Батыш райондук электр тармактарынын оперативдүү-чыгуу бригадалары учурда аба чубалгыларын карап чыгууда. Чүй облусунда шамал: Ысык-Ата районундагы “Ивановка”, Аламүдүн районундагы “Көк-Жар”, “Стрельниковой”, Сокулук районундагы “Кун-Туу”, Чүй районундагы “Карой” жана “Искра” көмөкчордонунан тараган 6/10 кВ аба чубалгыларынын 10 фидеринин өчүрүлүшүнө алып келди.

Талас облусунда “Кировка” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысынын фидери өчкөн.

Жалпысынан Чүй облусундагы 0,4 кВ чубалгылары боюнча электр энергиянын өчүрүлгөнү тууралууу 123 табыштама, Талас облусу боюнча -13, Бишкек шаары боюнча 29 табыштама.

Учурда “Түндүкэлектр” ААК боюнча бузууларды жокко чыгаруу менен электр куроочулардын 60тан ашуун оперативдүү-чыгуу бригадасы иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий