• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Катуу шамал Кара-Балтада үйдүн чатырын учуруп кеткен – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Кечээ кечинде катуу шамал Кара-Балта шаарында жеке үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасын 28 метрге жеткен. Буга чейин Кыргызгидромет борбору Жайыл районунда катуу шамалдын болушу күтүлөрүн эскерткен.

Мындан тышкары, шаарда убактылуу электр жарыгы өчүрүлгөн.

“Бүгүн шаардык жарандарды коргоо комиссиясы тарабынан тиешелүү иштер жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий