• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Катуу шамал Мамлекеттик матрезервдер фондунун кампаларынын чатырын учурган

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Бишкекте катуу шамал Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынын чатырын учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда саат 12:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 11 метрге жеткен шамал катталып Бишкектин Ленин районундагы Лев Толстой көчөсүнүн №234А дарегинде жайгашкан КР ӨКМне караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Борбордук базасынын №9 жана №10 кампаларынын чатырларына зыян келтирилген.

Натыйжада шамал №9 кампанын 35 даана шиферин учуруп, 15 даана шифери жараксыз абалга келген. Ал эми №10 кампанын 85 даана шифери учуп, 15 даана шифери жараксыз абалга келип, 24 чарчы метр темир туникеси (профнастил) жараксыз абалга келген. Жабыркагандар жок.

Жерине КР ӨКМнин КжАКБнын башчысы жана Ленин райондук ЖК комиссииясы тартылды.

20-май күнү тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий