• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учуруп кеткен

Коом 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда кечээ, 29-майда саат 18:20дан 19:05ке чейин Кара-Балта шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 16-28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштеринин негизинде шаардагы Гоголь көчөсүндө №45 үйдүн шыйпырын, Коврошиков көчөсүндө №24 үйдүн шыйпырын жараксыз кылган. Оторбаева көчөсүндөгү №34, №36 көп кабаттуу үйлөрдүн шыйпырлары учуп, жолдо токтоп турган«Митцубиси Пожеро» үлгүсүндөгү мамлекеттик № В82-21АZ жеңил унаасынын айнегине шыйпырдын сыныктары түшкөндүгү аныкталган.

Жабыркагандар жок.

Бүгүн күнү тактоо иштери улантылат.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий