• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Катуу ызгаар Тюмень – Кыргызстан автобус каттамдарын токтотууга себеп болду

Коом 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Тюменде аномалдуу суукка байланыштуу шейшемби күнү жыйырмадан ашуун автобус каттамдары токтотулду.

“Бүгүн жалпысынан 23 каттам токтотулду”, - деп билдирген “Интерфакс” агенттигине Тюмень автобекетинин администрациясынын кызматкери.

Анын айтымында, Казакстандын Кустанай, Петропавловск шаарларына, Кыргызстандын борбору Бишкекке каттоочу автобустар жолго чыкпай калган.

“Мындан тышкары Курган, Свердлов облустарынын бир катар шаарларына, Ханты-Мансийскке, Тюмень облусунун райондук борборулору – Абат жана Бердюжье айылдарына кетүүчү каттамдар токтотулган”, - дейт агенттиктин маектеши.

23-январда эртең менен Тюменде термометрдин таякчасы минус 32 градуска чейин түшкөн. Аймактын айрым мектептеринде шейшемби күнү окуу токтотулган.

Буга чейин дүйшөмбүдө 30 градустук сууктан Тюменден чыга турган жети автобус каттамы токтотулганы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий