• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Каухар” бизнес борборундагы өрт чектөөгө алынды – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Орто-Сай базарынын жанында жайгашкан “Каухар” бизнес борборундагы өрт саат 12:27де чектөөгө алынды,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда майда өрттөрдү өчүрүү иштери уланууда.

Алдын ала маалыматка караганда өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Белгилей кетсек, бүгүн болжол менен саат 11:33 чамасында Орто-Сай базарындагы “Каухар” медициналык борборунун имаратынан өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий