• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Каухардагы” өрт толугу менен өчүрүлдү, болжол менен 130 чарчы метр аянт күйдү (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Орто-Сай базарынын аймагындагы “Каухар” медициналык борборунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-майда болжол менен саат 11:32 чамасында өрт тууралуу билдирүү келип түшкөн.

“Өрт саат 12:27де чектөөгө алынып, саат 13:10дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөн болжол менен 130 чарчы метр чатыры күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий