• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек 10.02.22. /Кабар/. «Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында түзүлгөн.

КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд уставдык капиталы 1 000 000 (бир млн) сом өлчөмүндө аныкталган «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюштуруучусу катары саналат.

Буга байланыштуу КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна төмөнкүлөр тапшырылды:

«Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уставын бекитсин жана «Кавак» улуттук компаниясы» ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;

– баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын.

Пикир

Оставить комментарий