• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каза болгон Айзаданын телефонун көзөмөлдөөгө көп убакыт кетмек — Айтбаев

Кырсык 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүн маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Айтбаев каза болгон Айзада Канатбекованын жүргөн жери мобилдик байланыш аркылуу геолокация жолу менен эмне үчүн аныкталган эмес деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, жаңы мыйзамдарга ылайык, милиция кызматкерлери абоненттин жүргөн жерин аныктоо үчүн расмий билдирүү жөнөтүшү керек.

“Геолакация 6-апрелде гана орнотулган, ошондой эле бизде так маалыматтар болгон эмес. Издөө аймагы гана аныкталган”, - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий