• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Казак банктары Өзбекстанда иштей баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Казакстан банктары Өзбекстанда бөлүмдөрүн ачууга мүмкүнчүлүк алышты. 10-июлда Казакстан Улуттук банкы менен Өзбекстан Борбордук банкы тиешелүү келишимге кол коюшту.

«Биз банк көзөмөлү тармагында маалымат алмашуу келишимине кол кол койдук. Бул казакстандык банктарга Өзбекстанда туунду түзүмдөрүн ачууга мүмкүнчүлүк берет», -деди журналисттерге арналган жыйында Улуттук банктын төрагасы Данияр Акышев.

Акышевдин айтымында, казак банктары үчүн коңшу өлкөдө иштөө пайдалуу, себеби рынок чоң, калкынын саны көп.

Былтыр сентябрда Өзбекстан бийлиги жеке жана юридикалык жактар үчүн чет элдик валютаны сатып алууга киргизилген чектөөлөрдү жоюп, валюта саясатын либералдаштырарын жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий