• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казак чек арачылары суукта калган беш өзбек жаранын куткарды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Казак чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүп бараткан беш өзбек жаранын колго түшүрүштү.

«Алар түз эле жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Бирөөсүнүн буттарын 3-4-даражада үшүк алган. Ал интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылды. Азыр абалы оор», — деп билдиришти мекемеден.

Мындан тышкары дагы экөөсүнүн бутун 2-3-даражадагы үшүк алган. Алардын абалы канааттандыраарлык.

Учурда чек ара бузгандар милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жергиликтүү ооруканада дарыланып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий