• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казак Конституциясынын беренесин көчөөгө илген жаран айыппул төлөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Алматыда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөгө Конституциянын 3-беренесинин 1-пунктунда жазылгандай "Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы - эл" деген жазууну илип койгону үчүн беш суткага камалган активист Роман Захаровдун жазасы беш айлык эсептик көрсөткүчтөгү айыппулга (12 625 теңге) алмаштырылды.

Захаровго карата доо арыз прокуратура тарабынан түшкөн жана ишти кайра кароого адвокат чакырылган эмес.

— Доо арыз менен прокурор кайрылган, сотто ал Захаровду административдик камакка алууну талап кылган. Түнчүндө Захаровду кайрадан сотко алып келишкен, сот камактын ордун айыппул менен алмаштырган, —деди адвокат Ерлан Ерболатулы.

Казакстандын Алматы шаардык сотунун 29-апрелдеги чечими менен жергиликтүү тургун Роман Захаров беш күнгө камакка алынган. Ал "Бейбаштык" беренеси менен айыпталган. Сотто Захаров күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Захаров камакка алуу боюнча токтом чыккандан кийин “Чындыктан кача албайсың” акциясынын катышуучуларын колдоо максатында ушундай кадамга барганын билдирген. 21-апрелде активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков Алматыдагы марафон учурунда акция өткөргөндөн кийин ”митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды бузган” деген айып менен кармалган.

Алар жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде ”Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!” деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан. Сот ошол эле күнү экөөн тең 15 күнгө камакка алган.

Пикир

Оставить комментарий