• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казак парламенти Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөрттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Казакстандын парламенти – Мажилис менен Сенат – биргелешкен жыйында Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүү сунушун колдошту. Тиешелүү чечимди депутаттар бүгүн кабыл алышты.

"Сенаттын 43 депутаты, Мажилистин – 103 депутаты колдоду. Урматтуу кесиптештер, тарыхый чечим кабыл алынды", - деди Мажилистин спикери Нурлан Нигматулин.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүү сунушун киргизген.

Борбор калаанын атын референдуму жок эле өзгөртүү каралган болчу.

Эми Казакстандын борбору Астана Нурсултан болуп өзгөртүлмөй болду.

Касым-Жомарт Токаев 20-март күнү Казакстандын президенти катары ант берди.

Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин Казакстандын президенти болуп калат.

19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кетти.

Назарбаев "Нур Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий