• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казак парламенти өлкө порттору аркылуу Ооганстанга жүк ташуу келишимин жактырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.03.18. /Кабар/. Казакстан парламенти өлкө аймагы аркылуу Ооганстанга атайын жүктөрдүн ташылуусу боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов жаңы киргизилген өзгөртүүлөр жүктөрдү Каспий деңизи аркылуу Азербайжандан Казакстанга, андан ары Өзбекстан аркылуу Ооганстанга жеткирүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.

«Кол коюлган протокол өткөрмө бекеттердин тизмесине Актау жана Курык порттору менен толуктайт», — деди министр.

Казакстандын Инвестициялар жана өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери өлкө аймагы аркылуу 13 миң тоннага жакын атайын жүк ташылган. Казак жүк ташуучуларынын андан тапкан кирешеси 200 миллион теңгеге (620 миң доллардан ашык) бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий