• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казак президенти Өзбекстанга биргелешкен туристтик кластер түзүүнү сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга биргелешкен туристтик кластер түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Токаев Өзбекстандагы Казакстандын жылынын ачылыш аземинде билдирди, - деп жазат Podrobno.uz.

Токаевдин пикиринде, Казакстан менен Өзбекстандын тыгыз кызматташуусу жана макулдашылган иш-аракеттерине Борбор Азиянын экономикасынын өнүгүшү, туруктуулугу жана коопсуздугу көз каранды.

"Эки өлкөнүн аймагында жайгашкан руханий жана тарыхый борборлор – түрк элинин гана эмес, дүйнөлүк маданияттын кенчи. Ошондуктан ыкчам түрдө биргелешкен туристтик кластер түзүп, Түркестан, Самарканд, Бухараны бириктирген маршрут түзүш керек", – деди Токаев.

Токаев белгилегендей, стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташуу Казакстан менен Өзбекстандын тарыхый достугу мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлөт. Чек ара кызматташтыгы, товар алмашуу өсүп, азыркы күндө эч кандай көйгөй жок, - деп кошумчалады ал.

"Биз алдыга коюлган максатка, эки тараптын товар алмашуусун 5 млрд долларга жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Транспорттук байланышты жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Европа жана Азия рыногуна чыгууга олуттуу мүмкүнчүлүктөр өлкөнүн транзиттик жана логистикалык түзүмдөрүн жакшыртууга жол ачат", - деди казак президенти.

Пикир

Оставить комментарий