• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казак-өзбек чек арасында кошумча өткөрмө бекеттер ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Казак-өзбек мамлекеттик чек арасында дагы эки көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу пландалууда. Бул тууралуу 13-февралда Казакстандын каржы министри Бакыт Султанов билдирди.

Анын айтымында, чек арадан өткөн товарлардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан кол коюлган келишимдеги милдеттерди аткаруу үчүн үч өткөрмө бекеттеги бажы кызматын күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү пландалууда.

«Аны менен катар болжол менен 124 киши иштей турган «Сырдарыя» жана «Целинный» деген эки жаңы өткөрмө бекет ачылат», — деди Султанов өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып.

Андан тышкары министр башка бир катар өткөрмө бекеттердеги кызматкерлердин санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий