• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Казак-өзбек чек арасындагы өткөрмө пункттар күнү-түнү ачык болот

Дүйнө 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы эки өткөрмө пункт ачылып, мурдагы 3 пункт күнү-түнү иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу “Казинформ” билдирди.

“Биз өлкөлөрүбүздүн өз ара алакалары үчүн бардык чараларды көрөбүз. Өзбекстан менен чек арада кошумча эки өткөрмө пунктун ачуу, буга чейин иштеген унаа өткөрмө пункттарын күнү-түнү иштөө режимине которууну пландап жатабыз”, -деп билдирди Казакстандын инвестиция жана өнүктүрүү министри Жеңис Касымбек Астанадагы казак-өзбек форумунда.

Ошондой эле, ал Казакстандын борборунан Ташкентке эки каттамдын киргизилип жатканын билдирди.

“Мурдагы күнү эле Алмата-Ташкент, Ташкент-Алмата ылдам жүрүүчү жүргүнчү поезди ишке киргизилсе, бүгүн ага билеттер калбай калды. Астанадан жумасына кошумча эки каттам Ташкентке учат. Тактап айтканда, Алматадан 12 каттам болсо, Астанадан дээрлик күн сайын 6 болуп саналат”, - деп кошумчалады ал.

Podrobno.uz

Пикир

Оставить комментарий