• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү фондунун өкүлүн дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Кечээ, 10-декабрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха менен анын Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев КРнын билим берүү чөйрөсүн, тоолуу аймактарын, маданиятын жана экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Шамш Кассим-Лакханы Кыргыз Республикасы менен АКДНдин ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады.

Министр өзгөчө Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин билим берүү менен илимди өнүктүрүү боюнча таанылган аймактык борбор катары ишмердүүлүгүн, ошондой эле Афганистандагы азыркы абалдан улам оор кырдаалга туш болгон Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга көрсөткөн жардамын жогору баалады.

Мындан тышкары, министрдДипломатиялык өкүл Шамш Кассим-Лакхага 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде дипломатиялык өкүл Шамш Кассим-Лакха министр Казакбаевге министрлик тарабынан көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан саясий өзөрүүлөрдү жана 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын оңунан белгиледи.

Ал Нарын шаарында Борбордук Азия университетинин ишмердигинин жана Афганистандагы билим берүү ишинин маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди. Ал Кыргызстанда билим берүү, шаардык инфраструктураны жана башкарууну жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр экенин ырастап, аталган долбоорлор ишке ашмайынча токтобой турганын баса белгиледи.

Ошондой эле Дипломатиялык өкүл Афганистандык кыргыздарга АКДНдин Кабулдагы өкүлчүлүгү тарабынан көрсөтүлүп жаткан, анын ичинде жеткирилип жаткан гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат берип, бул маселеде Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги активдүү жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө министр дипломатиялык өкүлгө «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл» медалын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий