• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зея менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-апрелинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду чыңдоо контекстинде алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлар, ошондой эле Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө базалык макулдашууну түзүү пландары каралды.

Америкалык тарап Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоого көмөк көрсөтүүгө ниетин ырастады. Ушуга байланыштуу өлкөдөгү маанилүү саясий өзгөрүүлөр, анын ичинде Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу, президенттик жана парламенттик шайлоолор талкууланды. Жаңы саясий системанын алкагында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга, ошондой эле Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан күрөшкө америкалык тараптын колдоо көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Регионалдык маселелерди талкуулоонун контекстинде америкалык тарап Кыргызстандын өз аймагында афган студенттерин жана журналисттерин кабыл алуусун жогору баалады. Кыргызстандын жараны болгон жана Сириядан кайтып келген аялдарды жана балдарды реинтеграциялоо жана реабилитациялоо боюнча биргелешкен практикалык ишке тараптардын даярдыгы ырасталды.

Украинадагы азыркы кырдаал өзүнчө талкууланды. Кыргыз Республикасы ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык ыкмалар менен, анын ичинде эгерде азыркылары өз натыйжалуулугун жоготсо, жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү жолу менен чечүү зарыл деген позицияны кармана тургандыгы белгиленди. Министр Р.Казакбаев белгилегендей, эл аралык коомчулук мындан ары карапайым калктын курмандыктарын болтурбоо үчүн Украинадагы жаңжалды тез арада токтотуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоосу зарыл. Кыргыз Республикасы тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү орнотуу үчүн зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр.

Тараптар адам укуктары маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыз Республикасынын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактоо боюнча милдеттенмелери ырасталды. Кыргызстанда эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана активдүү жарандык коомдун бар экендиги, ошондой эле бул институттарды бекемдөө боюнча мындан аркы биргелешкен иштердин маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү жана инклюзивдик коомду куруу да кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу багыты катары аныкталды.

Кыргыз тарап Кыргызстандын жарандары үчүн АКШ тарабынан визалык талаптарды либералдаштыруу маселесин көтөрдү.

Талкууланган маселелерди илгерилетүү учун дайыма байланышта болуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий