• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге катышты

Саясат 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Нур-Султан шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө Р.Казакбаев Азия чөлкөмү өз ара ишенимди камсыз кылуу, аймактык коопсуздукту чыңдоо жана АӨИЧКга мүчө мамлекеттер менен конструктивдүү достук мамилелерин жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн кызматташтыкты тереңдетүүгө муктаж экендигин белгиледи.

Ал баса белгилегендей, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин 1992-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 47-сессиясынын алкагында жарыяланган Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмени чакыруу демилгеси жаңы чакырыктар жана коркунучтар шартында барган сайын актуалдуу болуп баратат.

Келерки жылы АӨИЧКнын 30 жылдыгын, ошондой эле Казакстандын АӨИЧКны чыңдоодогу жетектөөчү ролун эске алуу менен, ал Кыргызстан Казакстандын АӨИЧКга төрагалыгынын артыкчылыктарын, анын ичинде Кеңешменин институционалдык өнүгүүсүнө багытталган аракеттерин, тактап айтканда, АӨИЧК Акылмандар кеңешин түзүү жана Аналитикалык борборлор форумун туруктуу иштеген платформага кайра түзүү аракеттерин колдой тургандыгын белгиледи. Төрагалыктын бул демилгелери АӨИЧКнын эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана анын эл аралык аброюн бекемдөөгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

Ал жаңжал болгон аймактардан террористтик топтордун кирүү коркунучуна каршы турууга багытталган алдын алуу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасы 2022-жылы чет өлкөлүк террорчулар көйгөйүнө арналган эл аралык конференцияны өткөрүүнү, ошондой эле террористтик топтор менен байланышта болгон аялдарды жана балдарды комплекстүү реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча тажрыйба алмашууну сунуш кылгандыгын жарыялады.

Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы сессиясында «Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун» атынан кыргыз тарап 2022-жылды Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо демилгесин көтөрүп, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин чакыруу демилгелегендигин маалымдады.

Ал АӨИЧКга бардык мүчɵ мамлекеттерди Кыргызстан демилгелеген жогорудагы иш-чараларга катышууга чакырды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, АӨИЧКга мүчө мамлекеттердин министрлери тарабынан АӨИЧКнын Ишеним чараларынын жаңыланган каталогу, АӨИЧКнын Акылмандар кеңеши жөнүндө жобо жана АӨИЧКнын Жол-жоболор эрежесине өзгөртүүлөр кабыл алынды.

Министр Р.Казакбаевдин АӨИЧКнын министрлер жыйынына катышуусунун алкагында тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын Казакстандын президенти К.Токаев менен жамааттык жолугушуусу да болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий