• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакбаев БА жана АКШ тышкы саясий ведомство башчыларынын жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кечээ, 22-сентябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын ("С5 + 1") жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар регионалдык коопсуздук, Афганистандагы кырдаалды карап чыгышты, ошондой эле экономикалык өз ара байланыш маселелерин талкуулашты.

Министр Казакбаев Афганистан менен өз ара аракеттенүү маселелеринде региондун өлкөлөрүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга - мөңгүлөрдүн ээришине, уран калдык сактагычтарга, эл аралык терроризмге жана экстремизмге, соода тоскоолдуктарына биргелешип каршы аракеттенүү боюнча иштөөгө чакырды.

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтыгынын туруктуу орнотулган форматынын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий