• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев БАда Европа университетин жана Бишкекте кыргыз-европа мектебин түзүүнү сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Душанбе шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел жана Эл аралык өнөктөштүк боюнча Европа комиссары Джутта Урпилайнен менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу күн тартибинин негизги маселелери жана жакынкы келечектеги пландар, анын ичинде КР президенти С.Жапаровдун Евробиримдиктин штаб-квартирасына сапарын жана андан соң Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу талкууланды.

Жогорку өкүл Ж.Боррел кыргыз тарапты 2021-жылдын 5-ноябрында Борбордук Азиянын өкмөт башчыларынын жана Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти В.Домбровскистин деңгээлинде ЕБ-БА Биринчи Экономикалык форумун ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады жана европалык инвесторлордун кайра жаралуучу энергия долбоорлоруна жана туруктуу өнүгүүгө инвестиция салууга болгон кызыгуусу тууралуу маалымат берди.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берип, Европа тараптан байкоочуларды жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Еврокомиссар Урпилайнен ачык жана демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, ал Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы көп тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берет.

Жогорку өкүл Боррел Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы көйгөйлөргө тынчсыздануусун билдирди. Министр Казакбаев европалык эксперттерди Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери экологиялык зыянды баалоо боюнча жумушчу топ түзүүгө чакырды.

Кыргыз тарабы Борбор Азияда Европа университетин жана Бишкекте базалык кыргыз-европалык мектепти түзүү аркылуу билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жакшыртууну сунуштады. Еврокомиссар Ю.Урпилайнен бул маселени кароого алып, билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы долбоорлорго түз бюджеттик колдоо көрсөтүү пландарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий