• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев БАЭнын өнөр жай жана алдыңкы технологиялар министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Бириккен Араб Эмираттарынын өнөр жай жана алдыңкы технологиялар министри Султан Аль- Джабер менен жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар эки жана көп тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы энергетика жана инфратүзүм министри Сухейл Аль Мазруи менен бул өлкөнүн ири компаниялардын жетекчилеринин 2021-жылдын сентябрь айынын башында Кыргызстанга болгон сапарын жогору баалады.

Практикалык натыйжаларга жетүү максатында кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарбасы, туризм, “жашыл” технологияларды өнүктүрүү жана логистика чөйрөсүндөгү долбоорлордун пакети эмираттык тараптын кароосуна берилди.

Тараптар Кыргызстанда "жашыл" экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Эмираттык тарап көп тараптуу институттардын алкагында көтөрүлгөн демилгелери жана көрсөтүлгөн талапкерлери тууралуу маалымат берип аларды колдоо өтүчүнү менен кайрылды.

Руслан Казакбаев Султан Аль-Джаберди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий