• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев башында турган делегация Нью-Йоркто 11-сентябрдагы терактты эскерүүгө катышты

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деӊгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу максатында Нью-Йорк шаарында жүрүп жаткан иш-сапарынын алкагында 11-сентябрдагы терракттардын 20 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарада БУУнун өкүлдөрү, анын ичинде, БУУнун Башкы катчысынын орун басарынын, атап айтканда БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков жана 11-сентябрь мемориалы жана музейинин директору Элис Гринвальд чыгып сөз сүйлөшкөндөн соӊ, террактын курмандыктарына гүл коюу аземи өткөрүлдү.

Аземге Австрия, Кипр, Босния жана Герцеговина, Литва жана башка мамлекеттердин президенттери, ошондой эле 30 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышты.

Ошол эле күнү министр Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышына катышты.

Салтанаттуу аземге Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган, ошондой эле башка өклөлөрдүн делегацияларынын башчылары катышты.

Аземдин жүрүшүндө дүйнөдө теңчилик, өз ара пайдалуулук, туруктуу өнүгүү жана ачыктык менен мүнөздөлгөн көп кырдуу жана көп баскычтуу глобалдык кызматташуу чөйрөсүн куруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий