• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев Будапештте көрүнүктүү скульптор Месароштун кызы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-октябрында Будапештте КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында көрүнүктүү скульптор Ласло Месароштун кызы Марта Месарош жана анын уулдары менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ласло Месарош 1935-жылы «Интергельпо» кооперативинин венгриялык конуштардын тобунун курамында Кыргызстанга көчүп келген. Ал азыркы борбордун имиджин калыптандырууга чоң салым кошкон. Советтик индустрия тез өнүгүп жаткан мезгилде ал жаңы имараттарды долбоорлоо жана куруу менен алектенген. Скульптордун белгилүү долбоорлорунун арасында өкмөт үйүнүн имараты, темир жол бекети жана КР Улуттук банкы бар.

Анын кызы М.Месарош Венгриянын Эмгек сиңирген артисти, режиссер жана искусство жаатында көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Анын эң белгилүү чыгармаларынын бири – СССРдеги репрессиялар тууралуу темир көшөгөнүн артында тартылган биринчи фильм – «Балдарым үчүн күндөлүк» тасмасы.

Жолугушуу учурунда ал Кыргызстанга кайра келүү ниетин билдирип, 1937-жылы ИИЭК (НКВД) тарабынан кармалып, кийин атылган атасынын жашоосун күбөлөндүрүүчү документтерди табууга жардам берүү өтүнүчү менен министр Руслан Казакбаевге кайрылды. Марта Месарош ошондой эле венгрлер менен кыргыздардын жаш муундары үчүн атасынын элесин сактоого жардам сурады.

Министр Р.Казакбаев М.Месароштун өтүнүчтөрүн угуп, компетенттүү органдарга анын атасынын кармалышынын себептери тууралуу архивдик маалыматтарды издөө өтүнүчүн берерин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевичке кайрыларын айтты. Кыргызстандын борборундагы көчөлөрүнүн бирине белгилүү скульптордун ысымы коюлгандыгы Л.Месароштун эмгеги Кыргызстанда таанылганын тастыктай тургандыгын министр белгиледи.

"Сиздин атаңыздын окуясы – бул биздин элдердин жалпы тарыхы, Сиз өмүр бою үмүт кылган окуя", - деп белгиледи министр.

Үй-бүлө чөйрөсүндө жолугушуу учурунда ал М.Месарошко 90 жылдык мааракесине карата белектерди тапшырып, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.

Пикир

Оставить комментарий