• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакбаев Будапештте ТТМКнын күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-октябрында Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ттышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри менен ТМККнын Венгриядагы өкүлчүлүгүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы (ТТМК) күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара ТМККнын Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Янош Ховари тарабынан уюштурулуп, ага Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Ш. Дороги, Венгрияда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын башчылары, ошондой эле илимпоздор жана түрколог-эксперттер катышты.

Өзүнүн сөзүндө министр Руслан Казакбаев ТМККнын Венгриядагы өкүлчүлүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы күнү менен куттуктады.

Казакбаев Түрк кеңеши – бул бүгүн эзелтен тарыхы, маданияты, дини жана тили бир болгон мамлекеттерди жана элдерди бириктирген, ургаалдуу өнүгүп жаткан эл аралык уюм экендигин белгиледи. ТМКК алкагында өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташууну андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр Р. Казакбев 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында боло турган Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын алдыдагы 8-саммитинин жүрүшүндө Түрк кеңеши Түрк мамлекеттеринин уюмуна трансформациялана тургандыгын өзгөчө белгиледи.

Түрк кеңешинин аталышынын өзгөрүүсү уюмдун ишмердигинин өркүндөшүнө жана эл аралык аренадагы анын аброюнун жогорулашына өбөлгө түзө тургандыгына ишеним артты.

Руслан Казакбаев ошондой эле ТМККнын Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Кыргызстан Венгрияны анын түрк кызматташтык уюмдарына интеграциялоого умтулуусун толук колдой тургандыгына өзгөчө басым жасады. Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү Түрк кеңешинин кызыкчылыктарын Европа мейкиндигине илгерилетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына үмүтүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий