• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев БУУ БКБнын Кыргызстандагы программалык кеңсесинин башчысы Селезневду кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУнун БКБ) Кыргызстандагы программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезневду кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун БКБнын ортосундагы долбоордук жана программалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселеси боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду. Атап айтканда, уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, терроризмге жана чек араны коргоого каршы күрөшүү боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн донорлорду тартуу боюнча биргелешкен иш аракеттердин жолдору талкууланды.

БУУнун БКБнын өкүлү тышкы саясат ведомствонун башчысына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) колдонуу боюнча БУУ БКБнын долбоору жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде министр Казакбаев УУА колдонуу боюнча долбоор Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселелердин кеңири чөйрөсүндө зор потенциалды көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, бул долбоорду ишке ашырууга колдоого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле тараптар Кыргызстанда операторлорду окутуу жана учуучу аппараттарды колдонуу борборун ачууга көмөктөшүү боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты.

Жолугушуунун соңунда, тараптар өз ара кызматташууну чыңдоо пландарын талкуулашты. Атап айтканда, БУУнун БКБнын жана анын чечимдерин кабыл алуучу органдардын ишине Кыргыз Республикасынын активдүү катышуусу, БУУ БКБнын долбоордук портфелин мындан ары кеңейтүү жана БУУ БКБнын жетекчилигинин Кыргызстанга расмий иш сапарын уюштуруу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий