• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакбаев БУУнун Өнүктүрүү Программасынын администратору Ахим Штайнер менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын администратору Ахим Штайнер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы реформаларды колдоо, курчап турган чөйрө жана климат жаатында кызматташуу, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелерин практикалык ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Казакбаев ПРООНду 2022-жылы “БУУ-Борбордук Азия” саммитин жана “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдыкты” өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун демилгелерин практикалык ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарына жетүүнүн актуалдуулугуна жана Кыргызстандын "1000-тоолуу айылдарын" өсүү точкасы катары тандап, алыскы тоолуу айылдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулду. БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Табият чек араны билбейт..." (ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен кабыл алынган) резолюциясын иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Климаттын өзгөрүүсүнүн шартында Руслан Казакбаев мөңгүлөрдүн абалына тынчсыздануусун билдирди жана ПРООНду аларды Кыргызстанда сактап калуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

ПРООНдун администратору Ахим Штайнер "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер" концепциясына киргизилген иш-чараларды колдоого даярдыгын билдирди.

Климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде Ахим Штайнер Глазгодо өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү тууралуу алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясында Кыргызстанды бийик амбицияларын айтууга чакырды.

Тараптар алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий