• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакбаев Душанбеде өткөн «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык форумуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-ноябрында Душанбе шаарында Кореянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык боюнча 14-форуму болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жетектеп барды.

Казакбаев Кыргызстандагы учурдагы ички саясий кырдаал, тактап айтканда, 2021-жылдын май айында Кыргызстандын жаңы Конституциясы күчүнө киргенден кийин Жогорку Кеңешке биринчи жолу өткөн парламенттик шайлоо жөнүндө кыскача маалымат берди. Бул окуя кыргыз элинин эркинин өзгөрүүлөр саясий циклинин логикалык аяктоосу болуп калды.

Р. Казакбаев шайлоого 50дөн ашык өлкөдөн 14 шайлоо жана 20 эл аралык уюмдан, анын ичинде ШКУ, ЖККУ, КМШ, ТүркПА, ошондой эле ЕККУ/ДИАУБ эл аралык миссиясынын атынан 735 эл аралык байкоочу көз салгандыгын билдирди. Эл аралык байкоочулар КР Жогорку Кеңешине болгон шайлоону уюштурууга оң баасын беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчылары Корея Республикасы менен токой чарбасы, энергетика, саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эксперттеринин катышуусунда өзүнчө тематикалык сессиялар өткөрүлдү.

Өз сөзүндө Р. Казакбаев белгилегендей, аймактык кызматташтык туруктуу тенденцияга ээ болуп, «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форматында активдүү диалогду жана практикалык өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу куруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Казакбаев Борбордук Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө алкагында бул маанилүү датага карата бир катар иш-чараларды, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди, бизнес-форумдарды жана кайчылаш маданият күндөрүн уюштурууну сунуштады.

«Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Индин түндүк багытындагы өлкөлөр менен бул чөйрөдө кызматташууну активдештирүүгө багытталган «Жаңы түндүк саясаты» демилгесине токтолуп, Р.Казакбаев тараптарды саламаттыкты сактоо, экология, гидроэнергетика жана санариптештирүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Ал учурда Кыргызстандын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болуп мамлекетти өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин жайылтуу санала тургандыгын билдирди. Кыргызстан KOICAнын катышуусу менен ишке ашырылып жаткан «Түндүк» бирдиктүү системасы аркылуу шайлоо системасын санариптештирүүдө, мамлекеттик органдардын интеграциялоосундп жана өз ара аракеттенүүсүндө бир катар ийгиликтерге жетишти. Ушуга байланыштуу ал корея тарап менен бул багытта кызматташууну улантууга ишенимин билдирди.

Ал көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген жана улуттук саламаттык сактоо тутумдарын болуп көрбөгөндөй күчтүү сыноого дуушар кылган COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал саламаттыкты сактоо жана медицина тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын тастыктаганын баса белгиледи.

Ушуга байланыштуу ал Корея Республикасынын жетекчилигине өз убагында гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүүдө мамлекеттердин мындан аркы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү жана Форумдун катчылыгынын 2022-жылга карата иш планы кабыл алынды, ошондой эле Катчылыктын Аткаруучу директорлугуна Ли Жонг Гуктун талапкерлиги жактырылды.

Маалымат үчүн: Корея Республикасынын демилгеси менен 2007-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан форум экономика, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, курулуш жана транспорт тармагында, илим, маданият, билим берүү, туризм, ошондой эле Корея Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу.

Пикир

Оставить комментарий