• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев Душанбеде өткөн министрлердин тогузунчу конференциясына катышты

Саясат 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 30-мартында Душанбе шаарында өткөн "Азия жүрөгү - Афганистан боюнча Стамбул процесси" министрлеринин тогузунчу конференциясына видеоконференция форматында катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Тынчтык жана өнүгүү үчүн консенсусту чыңдоо” ураанындагы эл аралык форум Афганистандын президенти А. Гани жана Тажикстандын президенти Э. Рахмон тарабынан ачылып, Афганистан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин биргелешкен төрагалыгы астында өттү.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Афганистанды аймактык мамилелер тутумуна киргизүү максатында эл аралык коомчулуктун Афганистандын жарашуу процессин андан ары илгерилетүүгө көмөктөшүүсү, ошондой эле аймактык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министр Р. Казакбаев өз сөзүндө Афганистан Өкмөтү тарабынан өлкөдө тынчтык орнотуу үчүн жасалган аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, министр Р. Казакбаев “Стамбул процессинин” катышуучуларын Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарынын көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Министрликтин конференциясынын жыйынтыгында катышуучу мамлекеттер менен коопсуздукту чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды жана аймактык интеграцияны өркүндөтүү процессин колдогон өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттарын чагылдырган Декларация кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий