• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакбаев ЕБнын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-мартында Анталия шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын перспективасы, КР-ЕБ жана ЕБ-Борбордук Азия деңгээлиндеги иш-чараларды уюштуруу боюнча практикалык кадамдар талкууланды.

Жогорку деңгээлдеги сапарды даярдоого жана мамилелердин укуктук негизин түзүүгө тийиш болгон Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар эл аралык күн тартиби, анын ичинде Украинадагы кырдаал боюнча да пикир алмашты.

Министр Казакбаев Кыргызстан Россия жана Украина элдери менен бирдей достук мамиледе экендигин жана Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып тургандыгын белгиледи. Кыргызстан дүйнөнүн бөлүнүүсүнө жана коопсуздуктун бөлүнгүс принцибинин бузулушуна каршы экенин баса белгиледи.

Кыргыз тарап кагылышуунун алгачкы күндөрүнөн баштап кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап, тараптарды учурдагы форматтар иштебей калган мезгилде диалогдун жаңы механизмдерин жана форматтарын издөөгө чакырат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы мындан ары карапайым калктын курмандыктарын болтурбоо үчүн жаңжалды тез арада деэскалациялоого чакырды. Кагылышуунун катышуучуларынын ортосунда туруктуу байланыш каналын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан ушул жылдын 10-мартында Түркиянын ортомчулугу менен Анталия шаарында өткөрүлгөн Россия менен Украинанын Тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын жолугушуусун кубаттайт. Өз кезегинде, ал кыргыз тарап бар болгон ортомчулуктун оң тажрыйбасына эске алып, зарыл болгон учурда сүйлөшүүлөр үчүн аянтча берүүгө даяр экендигин билдирди. Казакбаев дүйнөдөгү чыңалуунун андан ары күчөшү, анын ичинде өз ара санкцияларды киргизүү региондогу бардык өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн терс экономикалык жана гуманитардык кесепеттерге алып келүү мүмкүндүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, жогорку өкүл Боррель Украинадагы гуманитардык кырдаалга тынчсыздануусун айтып, ок атышууну токтотуунун маанилүүлүгүн жана гуманитардык коридорду камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Европалык дипломатиянын жетекчиси Евробиримдиктин Кыргызстан менен мамилелерин өнүктүрүүгө бекем ниетин ырастады. Еврокомиссиянын вице-президенти Ж.Боррель санкциялардын үчүнчү өлкөлөргө кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилеп, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кесепеттерин жеңилдетүү жолдорун кароого Евробиримдик даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий