• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев: ЕККУ ачык жана тең укуктуу диалог жүрүүчү аянтча катары актуалдуулугун жоготууда

Саясат 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кечээ, 1-декабрда Стокгольм шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөрүлгөн формалдуу эмес жолугушууга катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга КР ТИМ башчысы ЕККУнун учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу боюнча барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Р.Казакбаев АКШнын мамлекеттик катчысы Э.Блинкен жана Россиянын ТИМ башчысы С.Лавров менен биргеликте, ЕККУнун баарын камтыган коопсуздук концепциясына жана ЕККУга катышуучу мамлекеттердин аны ишке ашыруунун алкагындагы милдеттерине арналган тематикалык талкууларда негизги докладчы катары сөз сүйлөдү.

Р.Казакбаев өз сөзүндө ЕККУнун коопсуздуктун үч негизги өлчөмүн ишке ашыруудагы дисбаланстан келип чыккан туруктуулукту камсыздоодогу жана жаңжалдарды басаңдатуудагы Уюмдун ролунун төмөндөп баратканына байланыштуу ЕККУ ачык жана тең укуктуу диалог жүрүүчү аянтча катары өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бара жатканын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз тарабынын пикири боюнча Уюмдун мүчөлөрүнүн арасындагы ишенимдин кризиси анын негизги көйгөйлүү аспектилеринин бири бойдон калууда, ЕККУнун алкагындагы милдеттердин анын катышуучу мамлекеттери тарабынан аткарылуусуна байланышкан маселелерди, айрым учурларда, ЕККУнун бир мамлекеттери экинчи мамлекеттерине каршы саясий максатта колдонууда. Мындай жагдайлар Уюмдун ичиндеги карама каршылыктарды күчөтүп, анын эл аралык аренадагы аброюна зыян келтирет.

Ошол эле учурда, КР ТИМ башчысы ЕККУнун негизги документтеринде чагылдырылган принциптерди, атап айтканда, эгемен теңдик, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү, талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, ички иштерге киришпөө, адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин сыйлоо, тең укуктуулук жана элдердин өз тагдырын өзү чечүү принциптерин бирдей сыйлоо жана сактоо аркылуу гана Уюм биригип, баарын камтыган коопсуздуктун концепциясын колдоо жана катышуучулардын өз милдеттерин аткаруусун камсыз кылууга алдыга кадам таштай алат.

Р.Казакбаев ЕККУнун аймагындагы бардык көйгөйлөр жана чакырыктар конструктивдүү диалогду күчөтүү жолу менен жана консенсустун негизинде чечилүүгө тийиш экенин жана бардык катышуучу мамлекеттерден саясий ак ниеттүүлүктү талап кыларын баса белгиледи.

Афганистандагы окуялар боюнча министр Р.Казакбаев эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ЕККУга катышуучу мамлекеттердин Афганистандын калкына социалдык-экономикалык жана гуманитардык көмөк көрсөтүү боюнча токтоосуз аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий